Бишкек шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда ысык тамак берүү иши текшерилди. Биринчи Май районундагы №5-бала бакчанын директору Динара Мазымканова текшерүүчүлөргө мекеменин азык-түлүк сактоочу жайын жана балдарга берилчү тамак-аш тизимин тааныштырды. Эртең мененки тамакта балдарга буламык жана май кошулган нан, түшкү тамакка кесме жана эт, компот берилери ачыкталганын мэрия кабарлайт. Түштөн кийин балдарга токоч, сүт кошулган чай, кечки тамакка буламык берилери айтылды. "Балдар ысык тамак-ашсыз калбайт. Азык-түлүк жеткирүүгө чейин тамак-аштардын запасы болот",- деп билдирет мекеме жетекчиси Элмира Түркүмбаева.
№49-бала бакчада бир баланын тамагы үчүн күнүнө 60 сом берилип жатканын, муну 80 сомго көтөрүү зарыл экенин айтат мекеме башчысы.
№8-орто мектептин ашканасы да текшерилип, жыйынтыгында бардык жайларга мыкты деген баа берилиптир.