Жалал-Абад облусунда малга тоют камдоо иши 80 пайызга аткарылды. Муну айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевге шилтеме берүү менен министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, облуста бир түк беденин баасы 180 сом, кадимки чөптүн бир түгү 160 сом, самандын бир түгү 140 сомдон болуп жатат. "Облус боюнча кылкандуу дан эгиндерин жыйноо 98 пайызга аткарылды. Учурда Тогуз-Торо районунда дан эгини жыйналууда. Жалал-Абад боюнча күздүк айдап-себүү иши жакшы эмес, буудай үрөнү жетишсиз",- деп айтылат маалыматта.