“Милиция Таласка курултай уюштурууга бараткан активисттерди коркутуп, Бакиев учурундагы ыкмаларды колдонуп жатат” дейт Данияр Тербишалиев

“23-сентябрда милиция жана УКМКнын кызматкерлери Таласка курултай уюштурууга бараткан активисттерди токтотуп, алардын баракчаларын “провокациялык мүнөздө экен” деген шылтоо менен алып, мурунку президент Курманбек Бакиевдин учурундагы ыкмаларды колдонуп жатат”,- деди бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Данияр Тербишалиев.

Анын айтымында, ал өзү ушул баракчаларды окуп, эч кандай провокациялык тексттерди байкаган жок. “Бул гезиттерде өлкөдө көйгөйлүү болуп жаткан электр энергия, суу, алтын жана башка маселелер чагылдырылган”,- деди эл өкүлү.

“2010-жылдын 7-апрелине чейин да ушундай коркутууларга күбө болгонбуз. Кийин эмне болгондугун баарыбыз билебиз. Ошондуктан активисттерди кармоо - терс көрүнүш”,- деп эскертти Тербишалиев.

Айта кетсек, 23-сентябрда Чүй облусунун Жол-кайгуул кызматы “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековду жана "Кырк чоро" бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаевди “Сосновка” өткөрүү бекетинен токтотушуп, нускасы 1000ге тең баракчаларды алып салышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан