Депутат Турсунбай Бакир уулу бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Орусияда эмгектенген мигранттардын айдоочулук күбөлүктөрү боюнча маселелерди көтөрүп чыкты.
Анын айтымында, Орусияда иштеген кыргызстандык айдоочулардын айдоочулук күбөлүктөрү жараксыз болууда.
“Мага мигранттар айдоочулук күбөлүктөрү боюнча байма-бай кайрылып жатышат. Алардын айтымында, Орусия унаа айдоого Кыргызстандын күбөлүктөрү жараксыз деп жумуштарынан айдап жатыптыр. Ушул маселени өкмөт жакшыраак көңүл буруп, чечип берүүсүн талап кылам. Анткени, билесиздер, мигранттардын көпчүлүгү маршрут, автобус, такси айдап эмгектенип келишет”,- деди Бакир уулу.