Назарали Арипов "саясий сезон башталды, этият бололу" дейт

Ош шаарында Июнь окуясында зордукталган аялдар тууралуу тасма БУУнун "Өнүктүрүү" программасы тарабынан көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Назарали Арипов билдирди. Депутат саясий сезон башталганын айтып, этият болууга чакырды. “2-3 күн мурун Ошто тегерек столго катышып келдик, ал жерде Июнь окуясында кордолгон, зордукталган аялдар тууралуу тасма көрсөтүлдү. Мына азыр саясий сезон башталды, биз этият болсок. Ушундай тасмаларды көрсөтөрдөн мурун көзөмөл кылып, анан көрсөтсөк”,- деди Арипов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан