Дастан Бекешев: “Бишкектин Свердлов райондук милиция бөлүмүнө жарандар нааразы”

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев: “Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жарандар тарабынан көп арыздар түшүп жатат”,- деп билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучулар бул милиция бөлүмүнө баруудан коркуп жатышат. “Соттор Свердлов РИИБине түшкөн кылмышкерлерди актап жатышса, эл нааразы болот. Мындай көрүнүш терс жыйынтыкка алып келиши мүмкүн. Ушул баш аламандыкты токтотуш керек”,- деди Бекешев.

Андан соң ал Башкы прокуратуранын өкүлүнө аталган милиция бөлүмү жүргүзгөн иши боюнча статистиканы берүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан