Алтынбек Максүтов, маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер: “Министрликти өнүктүрүп кетүүгө көзүм жетет” (маек)

 

Өткөн аптада "Ар-намыс" фракциясы маданият, маалымат жана туризм министрлигине сынак аркылуу талапкер тандады. Аталган министрликти жетектөөгө көрсөтүлүп жаткан талапкер Алтынбек Максүтов тууралуу түрдүү пикирлер айтылып жатат. “Министрликти алып кете албайт, уюштуруучулук жөндөмү жок” деген сындар айтылса, аны колдой турганын билдиришип бир нече маданият ишмерлери көчөгө чыгышты. Сөздү көпчүлүк тааный элек Алтынбек Максүтов өзү улантат.

- Алтынбек мырза, маданият министрлигине талапкер болуу өзүңүздүн чечимби же депутаттардан сунуштар түштүбү?

- Чынын айтайын, министрликке талапкер болуп чыгам деп ойлогон да эмесмин. Бул мындай болду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштери менен жүргөм. Буга чейин Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата койгон эмгегим үчүн бир сыйлык беребиз деп менин резюмемди алышкан. Көп өтпөй “Сиздин резюмеңиз жакты, сизге бир сунуш болуп жатат, келе аласызбы?” деп чакырып калышты. Келип “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловго жолуктум. Ал киши “Биз жаңылануу чечимин кабыл алалы, сизди министрликке талапкер кылып сунуштайлы деп жатабыз. Сиз кандай дейсиз?” деп сурады. “Мындай сунуш мен үчүн сыймык, бирок бир режиссёрду жоготуп алышыбыз мүмкүн” дедим. Кулов мага ойлонуп көрүүнү, бул кызматка ат салыша тургандар көп болорун айтты. Көчмөндөр оюндары бүткөндөн кийин эле телефон чалышты, “Сиз даярсызбы?” деп. Эки анжы ойдо Жогорку Кеңешке бардым, эч нерсеге даярдыгым жок болчу. Ошол жерден Садык байкенин (ред. Садык Шер-Нияз) тизмеден алынып калганы угулду. Талапкерлердин баарынын парламентте тааныштары бар экен, ар кимиси ар кайсы бөлмөгө кирип кетишти. А мен журналисттердин ортосунда калып калдым. Баары эле "интервью бериңиз", тиги, бу дешип, өзүмдү жоготуп койдум, чынында. "Мен каякта жүрөм, бул жакка неге келдим?" деген ойлор ошондо да келип жатты. Ошол кездеги абалым айылдан шаарга жаңы келген баланын кебетесиндей эле.

- Көп талапкердин ичинен “Ар-намыс” фракциясы сизди тандап алды. Тандоо адилет өтпөгөнүн, саясий кызыкчылыктар башкы ролду ойногонун айтып чыгышты. Сынак калыс өттү деп айта аласызбы?

- “Ар-намыс” фракциясы маданият министрлигине талапкерди биринчи жолу сынак аркылуу тандады. Көптөгөн талаш-тартыштар болду. Фракция мурун министр болуп иштегендерди, же туугандары депутат, же бир чоң кызматта иштегендерди киргизбей, бир өзгөчөлүк киргизели деген экен. Ошон үчүн түшүнбөстүктөр чыкты. 11 киши ат салыштык, талапкерлердин баары чыгаан, акыл десе акыл жагынан, талант десе талант жагынан татыктуу адамдар болду. Арасында жаштар да болду. Эртең менен саат 10до башталган тандоо кечки саат 4тө бүттү. Депутаттардын 13 добушун алуу мага күтүүсүз болду. Экинчи өзгөчөлүк - министрликке талапкердин чыгармачыл чөйрөдөн тандалуусу. Эч кандай саясий кызыкчылыктар болгон жок. Эгерде саясий кызыкчылыктар болсо, мен өтпөйт элем, анткени менде саясатты кызыктыра турган эч нерсе жок.

- Фракция эмне үчүн сизге ишеним артты деп ойлойсуз?

- Эмне үчүн мага ишеним артышканын айтышкан жок. Ичкериге кирип кетишкен, аягында "биринчи тандоодон өтүшүңүз менен куттуктайбыз" деп билдиришти. Фракциянын башчысы чакырып “сиз даярданышыңыз керек” деди. Болду, андан башка эч нерсе дешкен жок. 

- Садык мырза “чиновниктин жакыны министрликке талапкер боло албайт” деп мурун айтылган эмес деп нааразы болду. Сынак өтөр күнү анын “депутаттын жакыны” деп тизмеден чийилип калышын кандай кабыл алдыңыз?

- Фракциялардын кандай жол-жобосу бар экенин мен айта албайм, алар өздөрү чечишет. Мен ал жагына кийлигише албайм. “Садык болсо туура болмок” деген сөздөр айтылып жатты. Мен буга толугу менен кошулам. Садык мырза маданият министри болбой туруп эле министрликтин жумуштарынын көбүн жасап койгон адам, азыр да жасап жатат. Биз баарыбыз маданият үчүн Садык мырзадай иш жасай турган болсок, анда Маданият министрлигинин деле кереги жок болчу. Экөөбүз азыркыга чейин чогуу иштешип келе жатабыз. Бирок депутаттар ушундай чечим кабыл алышты, калганын көрө жатарбыз.

- Коомчулукта сизге карата ар кандай сындар айтылууда, “министрликти алып кете албайт, чыгармачыл жактан күчтүү болгону менен, уюштуруучулук жөндөмү жок” дегендер бар. Сиздин пикир?

- Маданият министрлигинде таңгак-таңгак кагаздар жатат. Кептин баары жасалчу иштер кагаз жүзүндө гана калып жатканында болууда. Маданият тармагынын кайсы жери ооруп жатканын жакшы билем. 25 жылдан бери маданият чөйрөсүндө иштеп, эң төмөнкү тепкичтен азыркы тепкичке чейин өз күчүм менен басып өттүм. Мени татаал, оор иштер күтүп турганын жакшы билем, ишти алып кете алам. Көзүм жеткени үчүн талапкер болуп чыктым да. Эмнени оңдошубуз керек? Министрлик көйгөйлөрдүн тамырын табышы керек. Реформа кичинеден башталат, эң биринчи маданият тармагында иштеген адамдарга жакшылап көңүл бөлүү. Мисалга театр артисттерин алсак. Бул адамдар кимдер, элдик адамдар. Аларга акча эмес, кол чабуу маанилүү. Мамлекеттин жүзү маданияттуулугунан көрүнөт. Учурда маданият тармагында 18 миң киши иштейт деп жатабыз, чынында, андан көп. 18 миңи мамлекеттик мекемеде иштеп, мамлекеттен тыйын алгандары гана.

- Министр болуп дайындалып калсаңыз биринчи кадамыңыз эмнеден башталат?

- Министрликтин иши менен жакшылап таанышып чыгыш керек. Экинчиден, ал жерде иштегендер менен чоң жыйын өткөрүү, кеңешүү. Тармакты кантип өнүктүрүүнүн жол-жобосун талкуулоо. Бардык иштердин программасын түзүп, ийне-жибине чейин тактап коюшубуз зарыл. Мурдагыдай ыкма менен иштөөнү токтотобуз. "Мен министр, сен орун басарым, тигиге айтып кой, ал андан кийинкисине айтып койсун" дегенди токтотуу зарыл. Ал ишти жасай турган адамга жеткиче бир ай өтүп кетип жатпайбы.

- Туризмди өнүктүрүүнүн жолдорун кантип табасыз?

- Айрымдар айтып жатышпайбы, "туризмди бул министрликке неге кошуп койду, байланышы жок" деп. Андай эмес, маданиятсыз туризм өнүгө албайт, экөө бири-бирине тыгыз байланышкан. "Биздин тоолорубуз кооз" деп мактануу менен эле маселе чечилип калбайт. Тоону тоодой, көлдү көлдөй кылып көркөмдөп, даңазалай турган тармак - маданият тармагы. Мисалы, Ысык-Көлдүн жээгинде жыл сайын сүрөт, колго жасалган буюмдардын көргөзмөсү өтөт. Муну менен чет элдиктердин көңүлүн өзүбүздүн баалуу мурастарыбызга буруп келебиз. Мен өзүм да колго жасалган карапаларымды алып барып сатып жүргөм убагында. Маалымат тармагы боюнча айтсак, мисалы, өлкөдө чыгып жаткан гезиттерди кыргызстандыктар эле эмес, дүйнө жүзү сатып алып окуй турган деңгээлге жетишибиз керек. Ал үчүн баарыбыз бирдиктүү иштешибиз керек. Ички инвестицияны туура багытка пайдалануу маанилүү.   

- Быйыл Өкмөт үйүнө маданиятты жоктоп өкүрүп барган маданият ишмерлеринин арасында сиз бар болчусуз. Эми минтип ишеничти актоо милдети өзүңүзгө жүктөлгөнү турат, сизге артылган чоң жүктү сезип турсаңыз керек?   

- Албетте. Негизи, Өкмөт үйүнө өкүрүп баруунун көп мааниси бар. Ата-бабаларыбыз калтырып кеткен мурастарыбызды тебелеп-тепсеп, маданиятыбыз тереңге чөгүп кеткенине өкүрүп барганбыз. Мен ал иш-чараны уюштуруучулардын бири болчумун. Бүгүн маданияттын бир топ өкүлү маалымат жыйын берип, мен тууралуу өздөрүнүн пикирлерин айтышты, колдошту. Алардын үмүтү - менин моюнума илинген жүк. Ошончо адамдын мага үмүт артып жатышы - чоң жоопкерчилик.

- Окурмандарга өзүңүз тууралуу маалымат берсеңиз...

- 1972-жылы 13-октябрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында төрөлгөм. Атам мугалим, апам медицина кызматкери болуп иштеген. Орто мектепти аяктагандан кийин Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайды аяктагам. Окууну бүткөндөн кийин Кыргыз драма театрында 3 ай, азыркы Арсен Өмүралиев атындагы театрда 20 жыл иштедим. 1999-жылы Акжол деген устадан карапа жасаганды үйрөнүп, 15 жылдан бери карапачылык өнөрдү аркалап келе жатам. Өзүмдүн студиям бар, кино жаатында да иш жүргүзөм. Бирок азырынча толук метраждуу тасма тарта элекмин. 1995-жылы үйлөнгөм. Жубайым - Таалайкан Абазова, ал дагы Щепкин атындагы окуу жайды бүткөн. Учурда кинолорго тартылып, театрларда иштеп жүрөт. Үч балабыз бар, эки кыз, бир уул. Улуу кызым Айжан 15ке чыкты, Байэл деген уулум 2-класста окуйт жана эң кичүү кызыбыз бар.

- Эс алуунун кайсы түрү жагат?  

- Менде атайлап эс алуу деле болбойт. Үйдө аз турам, бир жылда үй-бүлөм менен бир айдай гана чогуу болом. Айрыкча акыркы 4 жылдан бери тыным жок. Мен мурда турмушта жакшы, ыңгайлуу мезгил келишин күтүп иштеп-жашадым. 5-6 жылдан бери бир нерсени түшүндүм: адам жашоодо бир нерсени күтпөй, аракеттениши керек экен.

- Сынга көтөрүмдүүсүзбү же “өзүңүздүн чындыкты” айтууга шашып турасызбы?

- Саясий жумушка бара жаткан соң сын аябай көп болот. Туура айтылган сынды кабыл ала билиш керек. Туура эмес болсо “туура эмес” деп фактылар менен түшүндүрүп берүүгө даярмын.

- Маегиңизге рахмат.

 

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Алтынбек Максүтовдун маеги (Жүктөлгөн: 25.09.2014)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан