Жогорку Кеңеште академик Бүбүйна Орузбаеванын мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында депутат Максат Сабиров академик Бүбүйна Орузбаеванын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында сиңирген эмгегин эске алуу демилгесин көтөрүп чыкты. 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Бирок маараке учурунда мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон академик, филология илиминин доктору, профессор Бүбүйна Орузбаеванын кыргыз тилине сиңирген эмгеги тууралуу бир да сөз айтылган жок. Ал быйыл 90 жашка толмок, тилекке каршы, былтыр каза болуп калды. Өкмөт менен бирге анын өмүр өтөлгөсүн эскерип койсок жакшы болот эле,- дейт Сабиров.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Бүбүйна Орузбаеванын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында сиңирген эмгеги зор экенин, анын КР Эл Баатырлыгына толук татыктуу инсан болгонун баса белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан