Ош шаарындагы облустар аралык клиникалык ооруканасына "улуттук" деген статус берүү сунушталууда. Муну парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында депутат Урмат Аманбаева айтып чыгып, оорукананын азыркы абалы тууралуу кыска маалымат берди. "Оорукана 952 орунга ылайыкталган. Жыл сайын 3 облустан келген 30-40 миңдей жаран дарыланат. Мындан сырткары бул ооруканада аспиранттар билимдерин тереңдетип жатышат. Бул мекемеге "улуттук" деген статус берсек, анын мындан аркы жакшы иштешине өбөлгө болот эле",- деди Аманбаева.
Сунуш өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө айтылды.