Депутаттар жаштар күзүндө каяктан эс алышты билбей жатканын айтышууда
Бүгүн,
25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева жаштар арасындапатриоттук сезимдерди ойготуу маселесин көтөрдү. Анын айтымында, жаштар күзүндө каяктан эс алышты билбей жатышат. “Кыргызстандын ар бир облусунда маданий жайлар бар, жаштар барып көрүп келишет. Мындан тышкары кышында башка
аймактардагы лыжа тебүүчү жайларга барып эс алып, жазында жайлоолорго чыгып,
жайында көлдөрдө эс алышат. Бирок күзүндө эч жакка чыкпай калышат. Ушул
мезгилде Күрүч фестивалына катышып, күрүч кантип бышарын билишсе туура болмок. Мындай иш-чара жаштар арасында патриоттук
сезимдерди ойготууга жакшы шарттарды түзүп берет”,- деди эл өкүлү.