Баткен эли “Ден соолук” фондун жоюу боюнча министр Темир Сариевдин аракетине каршы чыгууда

Баткен эли “Ден соолук” фондун жоюу боюнча министр Темир Сариевдин аракетине каршы чыгууда. Бул тууралуу депутат Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, бул Баткен элинин ден соолугун чыңдоого жардам берген жалгыз фонд. “Экономика министри Баткендеги жалгыз “Ден соолук” фондун жабуу боюнча чечим кабыл алып жатыптыр. Баткен эли аталган фондду жоюуга жол бербөөнү суранып, тынымсыз кат жиберишүүдө. Жылына 8 миңге жакын балага, аялдарга ден соолук жактан колдоо кылып келет. Өкмөт ушуну жойбой эле коюш керек же башында фондду түзбөй коюш керек болчу”,- деди Султанбекова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан