Аксы районунун Кербен шаарындагы чек арачылар жашап жаткан бала бакчанын имараты быйыл 1-декабрга чейин бошотулат. Муну парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди. Эскерте кетсек, бала бакчаны тезинен бошотуу талабын сентябрдын башында депутат Анарбек Калматов айтып чыккан болчу. Депутат "балдардан имарат талашуу - уят" деген.