Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина 2010-жылы Ош шаарында болгон баш аламандык учурунда зордукталган аялдардын баяндамасы чагылдырылган видеолор тууралуу пикирин айтты. “Бул видеолордо “улутчулдукка чакырык бар” деген сөздөр айтылган. Чындыгында, аларда эч кандай терс чакырыктар жок. Бул видеолордо аталган окуялардан улам жапа чеккен аялдардын кантип зомбулукка кабылгандыгы тууралуу айтып бергени гана тартылган. Ошондой эле Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин эң негизги милдети жаңжалдар учурунда аялдар жана балдарды коргоо эмеспи. Ушул видеолордо аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакыруу болгон. Өлкөбүздө ар бир жаран баалуу. Биз ар бир мекендешибизди сыйлашыбыз керек”,- деди Карамушкина.