Асылбек Жээнбеков: "Радикалдуу кадамдар менен бийликке келем дегендер үмүтүн үзсүн"

"Кыргызстанда радикалдуу кадамдардын арты менен бийликке келем дегендер үмүтүн үзсүн",- деди парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков. Анын билдиришинче, мындан ары өлкөдө бийликти мыйзамдуу түрдө гана алмаштыруу зарыл. "Азыркы бийлик мурункудай эмес, кырдаал таптакыр башка. Өмүр бою бийликте калайын деген эч ким жок. Бийликке келем дегендер 30-40 адам болсо да, партия түзсүн, шайлоолорго катышсын. Радикалдуу кадамдарга барам, өкмөт башчы болом дегендер да үмүтүн үзсүн",- деди Жээнбеков.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан