Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков өкмөттүн электр энергиясынын баасын көтөрүү, 3 фазалуу электр жылыткычтарын өчүрүү демилгесине каршы чыкты. "Эгер керектөөчү 3 фазалуу электр кубаты үчүн киловатт-саатына 1 сом 20 тыйындан төлөөгө макул болсо, анда аларды өчүрүүнүн эмне кереги бар?"- дейт депутат. Жумабеков бул боюнча элде нааразычылык жаралып жатканын, алардын айткандары кайсы бир деңгээлде туура экенин белгиледи. "Өкмөт электр энергиясынын тарифин биз аныктайлы деген, аныкташты. Азыр 3 фазаларды өчүрүп, жарандардын укугун бузуп жатат",- деп кошумчалады депутат.