Парламентте өкмөт Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча маалымат берүүдө
Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча маалымат берүүдө. Жыйынга премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган вице-премьерлер, министрлер, ведомство жетекчилери жана "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов катушууда. Учурда Жоомарт Оторбаев баяндама жасап жатат. Жыйын жүрүшүндө өкмөт өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп беришет.