"Ар-намыс" маданият министрлигине сынакта бир талапкер тандап, бирок өкмөткө 2 талапкер сунуштады

Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунушталган эки талапкер боюнча жакынкы күндөрү өкмөттүн чечими кабыл алынат. Муну 25-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, өткөн аптада "Ар-намыс" фракциясы маданият министрлигине талапкер катары Алтынбек Максүтовду тандап алган, ага фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү добуш беришкен болчу. Бирок фракциянын өкмөткө жиберген протоколунда министрликке 2 талапкер көрсөтүлгөн. Экинчи талапкер ким экенин айтуудан өкмөт өкүлдөрү баш тартышты. Өздүк булактарга таянсак, фракция сунуштаган экинчи талапкер - Улуттук китепкананын башчысы Жылдыз Бакашова

Өкмөт башка министрликтер боюнча төмөнкүлөрдү билдирет: 

"Коалициялык келишимге ылайык, саламаттык сактоо министри кызматына тийиштүү фракциядан талапкердин сунушталышы күтүлүүдө. Өкмөттүн социалдык блогундагы калган ведомство жетекчилери жана министрлер өз ишмердүүлүгүн кадимкидей уланта беришет".

Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева кечээ, 24-сентябрда отставкага кетүү тууралуу арыз жазып, ага мамлекет башчы кол койду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан