Эльвира Сариева: “Кыргызстандагы 250 мектептин 1-4-класстарынын окуучулары ысык тамактандырууга өткөрүлөт"

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 24-сентябрда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна караштуу Орусиянын туруктуу өкүлүнүн орун басары Владимир Кузнецовду кабыл алды. Тараптар “Кыргызстанда мектептеги тамактандыруу программасын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Аны ишке ашырууда булочка менен чай берүүнүн ордуна ысык тамак берүүгө өткөрүү пландаштырылууда. “2013-2016-жылдарга эсептелген бул долбоор биз үчүн абдан маанилүү, анын жүрүшүндө өлкөдөгү 250 мектепте 1-4-класстардын окуучуларына ысык тамак берүү жана ашканаларды заманбап жабдуулар менен камсыздандыруу ишке ашырылат",- деп билдирди вице-премьер-министр.

Владимир Кузнецов: “Долбоорду ишке ашыруу алкагында 134 пилоттук мектепке 957 миң доллар суммасындагы заманбап технологиялык жана муздаткыч жабдуулары, 248 тонна байытылган ун берилген. Долбоордун пландык бюджети 11,4 миллион долларды түзөт",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан