“Азиз Батукаев Орусияда кармалып, азыр камакта жатат” деген маалыматтар бар”,- деп билдирди башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында. Депутат Асия Сасыкбаева өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге: “Азиз Батукаев маселеси боюнча бир топ министрлер кызматынан алынды, бирок ушул маселеге тиешелүүлөр дагы деле отурушат. Биздин токтомдун аткарылышы кандай жүрүп жатат?”- деп суроо салды.
Темирбек Бекмамат уулу: “Жаңы жагдайлар боюнча “тергөө учурунда туура эмес анализдер алынган” деген маалыматтар болгон. Батукаев азыркы кезге чейин тирүү. Биздин суранычыбыз менен ушул жылдын 1-апрелинде Батукаевди Орусия кармаган. Бизге өткөрүп бергиле десек, кылмыш иши козголгонун айтып баш тартышууда”,- деди.