Дамира Ниязалиева парламентте өкмөт мүчөлөрүнөн убакыт талашууда

Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева өкмөт мүчөлөрү суроого жооп берүүдө убакытты бошко кетирип жатканын айтып чыкты. "Депутаттарга суроо бериш үчүн 2 мүнөт берилип, суроону толук берүүгө мүмкүнчүлүк болбой калууда. Өкмөт мүчөлөрү болсо "жооп берсемби же бербесемби" деп ойлонуп, убакыттын баарын бошко кетирүүдө. Суроого кантип жооп беришти билишпейт, сөздү айлантып жооптон качып жатышат. Аларды да 3 мүнөттүн ичинде жооп берүүгө милдеттендириш керек",- деди Ниязалиева. 
Спикер Асылбек Жээнбеков андай кылуу мүмкүн эмес экенин айтып, өкмөт өкүлдөрүн кыска жана так жооп берүүгө чакырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан