Кыргызстандагы абоненттердин 3 фазасын өчүрүүдөн 2,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясы үнүмдөлөт. Муну бүгүн, 25-сентябрда парламент жыйынында энергетика жана өнөр жай министри
Осмонбек Артыкбаев билдирди.
"З фазалар негизинен үйдү жылытуу үчүн колдонулгандардыкы өчүрүлөт",- деди министр. Буга чейин бир катар депутаттар 3 фазалууларга тарифти 1 сом 20 тыйын деп көтөрүү менен кайра 3 фазаны кыркуу бири-бирине каршы келип жатканын айтышкан эле. Министрдин билдиришинче, 3 фазаны үй жылытуудан башка максатка колдонсо болот.