Кыргызстанда быйыл 63,8 миң тонна пахта жыйналары күтүлүүдө. Муну 25-сентябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрлик баасынын арзан болуп жатышынан пахта өстүрүү жылдан-жылга азайып жатканын белгилейт. "2014-жылы 23,3 миң гектар жерге пахта себилген, былтыркы жылга салыштырмалуу 0,1 гектарга аз. 20 миң тонна була өндүрүү пландалууда. Кыргызстанда өндүрүлгөн буланын 20 пайызы кайра иштетүүгө кетет, калганы экспорттолот. Кыргызстандагы буланы негизинен Орусия, Түркия сатып алат. Өлкөдөгү пахта сатып алуучу фирмалар азрынча так бааны коюша элек, анткени дүйнөдө булага болгон баа түшүп кетти",- деп билдирет министрлик.
Учурда насыя алган дыйкандар пахталарын 34-36 сомдон сатып жатышканы айтылды.