Жумуштан бошотулган төрт министрдин ар биринин өз себептери бар. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Депутат Анарбек Калматов өкмөт башчыга: “Жумуштан бошотулган төрт министрди Азиз Батукаевдин маселесине күнөөлүү деп кызматтан алдыңызбы?"- деп суроо узатты.
Оторбаев: “Парламенттин токтомунун негизинде жумуштан кетишти. Министрлердин жумуштан кеткенинин ар биринин өзүнүн себептери бар. Биз түздөн-түз күнөөлөгөн жокпуз”,- деди.