Өкмөт Жогорку Кеңештин токтомдорунун 84 пайызын аткарды. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында айтты. Өкмөт өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Парламенттин айрым токтомдорун аткарууда кыйынчылыктар болуп жатканын айткан өкмөт башчы буларды кошумчалады: “Ушу тапта Жогорку Кеңештин 30 токтому аткарылып жатат. Айрым чечимдерди аткаруу жүрүмүндө ар кандай себептерден улам көптөгөн кыйынчылыктар жаралып жатат. Бирок биз ал маселелерди аягына чыгарабыз”.