Асылбек Жээнбеков депутаттарды суроо берүүнүн маданиятын үйрөнүүгө чакырды

Спикер Асылбек Жээнбеков парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышы тууралуу маалыматын угууда депутаттарды суроо берүүнүн маданиятын үйрөнүүгө чакырды. Айтымында, айрым чет мамлекеттерде депутаттардын суроо бериши үчүн 1 мүнөт гана убакыт берилет. 

Мен бир топ эле мамлекеттердин парламентинде болдум, аларда өкмөткө берчү суроосун бир күн мурун даярдашат экен. А бизде трибунага чыгып алып ойлонобуз. Суроо берүүнүн маданиятын үйрөнөлү. Мына азыр өкмөткө суроо-талаптарыңыздарды айтып калыңыздар, башка күнү "суроом бар эле" деп кайрылбаңыздар”,- деди Жээнбеков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан