Кыргызстандын түштүк аймагында 400 миллион метр куб газ өндүрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтылды

Парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандын түштүк аймагында 400 миллион метр куб газ өндүрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтылды. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдиргендей, "Кыргызнефтегаз" ишканасынын потенциалы чоң, бирок каражаттын жоктугунан толук иштебей жатат. Эгер акча табылса, газ өндүрүүнүн көлөмү өсө турганын айтты министр. "Түштүк аймагы боюнча 34 миллион метр куб газ өндүрүлүүдө. Көпчүлүк абоненттер электр энергиясына өтүп кетишти. Эгер каражат болсо, аймакта газ өндүрүү тармагынын келечеги кең",- деди Артыкбаев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан