Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Курмантай Абдиев. Мыйзам долбоору аракеттеги мыйзамдагы кемчиликтерди жоюу жана саясий кызматтагы адамдардын кеңешчилерин жана жардамчыларынын мамлекеттик кызматка дайындалуусун мамлекеттик кызматтын негизги принциптерине туура келтирүүгө, ошондой эле кадрлар резерви менен байланышкан маселелерди иреттөөгө багытталган. Мамлекеттик кызматка кирүүдө тең укуктуулук принцибинин бузулушун алдын алуу жагы каралган. Мыйзамдагы мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу ченеми алынып салынып, сынактык негизде тандалары белгиленгени айтылды.