Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш юридикалык жактардан түшүүчү социалдык төгүмдөр жүрүмүн жөнгө салууга багытталган “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.
Айта кетсек, кечээ, 24-сентябрда депутат Дамира Ниязалиева мыйзамга юридикалык жактар социалдык камсыздандыруу мекемелерине төгө турган 100 миң сомдон ашкан көлөмдөгү акча каражатын сөзсүз түрдө банк аркылуу которуу талабы киргизилип жатканын билдирген.