Кыргызстанда оң рулдуу унааларды каттоого алууга тыюу салынат. Бул тууралуу 25-сентябрда Жогорку Кеңеште экономика министри Темир Сариев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Анын айтымында, оң рулдуу унааларды чет мамлекеттен Кыргызстанга алып кирүү улана берет, бирок каттоого алууга туюу салынмакчы.
“Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондуктан, биз уюм менен түзүлгөн келишимдерди сактап, оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу сала албайбыз. Бирок алар эч кандай каттоого алынбайт. Ошондой эле жүргүнчү ташый албай калышат. Биз бул жол менен унаалардын кирүүсүн кыскартабыз”,- деди Сариев.