Бүгүн, 25-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Бишкекте өткөн кыргыз-америкалык II бизнес-форумга катышты. Сарпашев белгилегендей, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуу мүмкүндүгү толук колдонулбай жатат.
“Буга байланыштуу бүгүнкү форумдун негизги максаты - эки өлкө аралык соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, кыргыз жана америкалык ишканалар аралык келечектүү иштиктүү байланыштарды орнотуу, ошондой эле Кыргызстан экономикасын америкалык капиталды инвестициялоо мүмкүндүгүн талкуулоо. Бүгүнкү бизнес-форум — бул эки өлкө ишкерлеринин расмий эмес баарлашуусу үчүн жакшы аянтча, ал мамлекеттик деңгээлдеги конструктивдүү баарлашуу менен катар кыргыз-америкалык эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот",- деди Сарпашев.