Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда вице-премьер-министр
Эльвира Сариева: "Кыргызстан боюнча 1400 медицина кызматкери жетишпей жатат",- деп билдирди.
Анын айтымында, бул маселе өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири. "Медициналык окуу жайларда бюджеттик акча каражатка окуп бүтүргөндөр чет өлкөлөргө кетип жатышат. Тиешелүү токтомго ылайык, алар 2 жыл аймактарга барып иштеш керек. Тилекке каршы, бул токтом аткарылбай жатканын байкап жатабыз",- деди Сариева.Бүгүнкү күндө жаңы токтом иштелип жатканын белгиледи. "Учурда аны бир-эки министрлик караштырып жатат. Эгер бул токтом кабыл алынса, окуу жайды бүтүп, кесиби боюнча 2 жыл аймакта иштебеген медицина кызматкерине республиканын бюджетинен анын окуусуна 5 жыл ичинде кеткен акчаны төлөтүү милдеттендирилет",- деди вице-премьер-министр.