Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин депутаттары Баткенге иш сапары менен барышты. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар 25-сентябрда Баткен шаарындагы облустук китепкана, мамлекеттик архив, Баткен университетинин, бала бакчалардын абалы менен таанышышты.
Мурда шаарда 7 бала бакча болсо, азыр экөө гана калып, калганы менчиктештирилип кеткени айтылды. “Ушул кезде 3 миң бала бала бакчага кирүү үчүн кезекте туруптур. Бул көйгөйдү чечүү үчүн менчик бала бакчалардын санын көбөйтүү, алардын ачылышына жагымдуу шарттарды түзүү зарыл”,- дейт депутат Каныбек Осмоналиев.
Баткен шаарында эртең, 26-сентябрда комитеттин көчмө жыйыны өтөт.