Спикер "Батукаев 7-8 ай гана жашайт" дегендер жазаланышы керек" деди

Убагында "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абалы оор, 7-8 ай гана жашайт" дегендер жазага тартылышы керек. Муну Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков айтып, бул боюнча өкмөткө сунуш айтты. "Ким болбосун жоопко тартылышы керек",- деди төрага. Жыйынга катышып жаткан башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу "Батукаев ашып барса 6 ай жашайт" деген медициналык корутунду чыгарылган. Ошонун негизинде сот аны бошотту. Кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда. Батукаев тирүү, Орусияда камакта" деп билдирди.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан