Депутаттар Бажы биримдигине каршы чыккан экспертти жыйындан чыгарып жиберишти

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын отурумунда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү тууралуу маселе каралууда. Жыйын жүрүшүндө айыл чарба тармагы боюнча эксперттердин бири Манас Саматов экономика министри Темир Сариевди элдин атынан сүйлөгөнгө сиздин укугуңуз жок, элдин атынан сүйлөбөңүз” деп сынга алды. Саматов өз сөзүндө Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы пикирин айтты. Депутаттар, президент элдин атынан сүйлөөгө укуктуу. Бирок, Темир Аргенбаевич, элдин атынан сүйлөбөңүз, укугуңуз жок. Сиздердин сүйлөгөнүңүздөр мени таң калтырып жатат. Мен Кыргызстандын бул биримдикке кирүүсүнө каршымын. Эмне, мигранттардын баары эле Орусияда иштейби, Европада деле иштеп жатышат. Эмне үчүн аларга шарт түзүп берүүнү айтпайбыз? 2 миллиард долларды Орусиядагылар гана эмес, башка мамлекетте иштеген мекендештерибиз да жиберип жатат. Тескерисинче, биз жаштарды Орусияга байлагандын ордуна Европага жиберүүгө шарт түзүп бербейлиби”,- деди Саматов.

Депутаттар Саматовго: “Бул жерде бирөөнүн беделине шек келтирип сүйлөбөңүз. Сизди жыйынга катышууга ким киргизди? Чыгып кетиңиз”,- дешти.

Саматов: “Мен таң калып жатам, бул жерде эки жүздүү адамдар бар экен”,- деп жыйындан чыгып кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан