Бишкекте 22 жаштагы кыз күч колдонуп зордуктаган 49 жаштагы жаранды бычактап салды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-сентябрда билдирди.
Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон жаран 49 жаштагы Э.Абды аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну экени аныкталды. Ал 24-сентябрь күнү Бишкектеги мектептердин биринде оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн өзүнө жардамчы издеп "Ош базарына" келген. Ал жерден радиотүйүн аркылуу 22 жаштагы Н.Кыял аттуу кызды таап, кечке чейин иштөө үчүн 500 сом берерин айтып макулдашышкан. Мектептеги оңдоо иштери бүткөн соң 700 сом берерин айтып, даараткананы да оңдоо үчүн жардамдашып коюусун суранган. Буга кыз макул болгон. Жумуштун баары бүткөндө Кыял кетүүгө камынган. Бирок Абды аны бөлмөлөрдүн бирине камап, күч колдонуп зордуктаган. Ошондой эле аны "түнү менен бирге болосуң" деп коркуткан. Кийин дагы бир жолу жыныстык катнашка барууга аракет кылганда Кыял ары жакта турган бычакты алып, төш тарапка сайып жиберген. Коркуп кетип өзү "Тез жардамга" жана милицияга кабар берген. 49 жаштагы Абды алган жараатынан улам ооруканада көз жумган.
Учурда кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Кыял аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну кармалып, кылмыш иши козголду.