Кыргызстанда каржы жана салык кызматтарынын ардагерлеринин коомдук уюму түзүлдү

Кыргызстанда каржы жана салык кызматтарынын ардагерлеринин коомдук уюму түзүлдү. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 25-сентябрда бирикменин 1-курултайы өттү. Иш-чараны уюштуруучулардын бири Салмоорбек Асипов бирикменин жобосунун долбоорун сунуштады. Жобого ылайык, бирикменин максаты - республиканын каржы жана салык системинин ардагерлеринин социалдык-экономикалык, эмгектик, жеке укуктарын жана таламдарын, ошондой эле ар-намысын коргоо, материалдык, турак жай-тиричилик шарттарын, медициналык жана башка тейлөө кызматтарын жакшыртуу, элдердин улуттук руханий өнүгүүсүн колдоо, элдердин ортосундагы достукту чыңдоо. Бирикме “Пенсиялык камсыздоо жөнүндө" мыйзамынын жана ардагерлерге белгиленген жеңилдиктердин сакталышын көзөмөлдөөнү, мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз кызматташууну, менчик ишканалар, мекемелер менен кызматташтык түзүүнү пландоодо.

Жыйынтыгында бирикменин төрагасы кылып Салмоорбек Асиповду шайлашты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан