КСДП фракциясы 2015-жылга республикалык бюджеттин долбоорун жактырды

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы өкмөттүн 2014-жылдын 22-августундагы №481-токтому менен жактырылган КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолдоолор жөнүндө мыйзам долбоорун карады. Депутаттардын суроолоруна каржы министри Ольга Лаврова жооп берди. Министр республикалык бюджеттин таңсыктыгы 2015-жылга 14 миллиард 683,3 миллион сомду түзөрүн айтты. Ал эми көрсөтүлгөн таңсыктыкты жабуу үчүн 2015-жылга 14 миллиард 683,3 миллион сом каржылоо булактары каралган.

Жыйынтыгында фракция 2015-жылга республикалык бюджетинин долбоорун жактырды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан