“Мени кызматтан кетет экен деген маалыматтар туура эмес”,- деп билдирди эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов SUPER.KG порталына. Айтымында, азырынча отставкага кетүү планы жок. “Башка министрлер кызматтан кетип жатканынан улам мени да кетет экен деген сөздөр болуп жатат. Бирок мен кетпейм”,- деди министр.
Айта кетсек, акыркы күндөрү тар чөйрөдө билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен Алиясбек Алымкуловдун иштен кетери айтылууда.