Өкмөт мүчөсү: "Алымкул Үсөнбаевдин 120 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгилениши керек"

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 26-сентябрда бир катар иш-чараларды уюштуруу комитеттери менен жыйын өткөрдү. Тактап айтканда, Кыргыз Эл артисти Алымкул Үсөнбаевдин 120 жылдык жана Кыргыз ССРинин Эл акыны Аалы Токомбаевдин 110 жылдык мааракелерин уюштуруу комитеттери менен жыйын өттү. Сариева министрлик менен мекемелердин өкүлдөрүнө өткөрүлүүчү мааракелик иш-чаралардын планын дагы бир дыкат карап чыгуу тапшырмасын бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. "Алымкул Үсөнбаев менен Аалы Токомбаевдин туулган күнүнө карата иш-чараларды өткөрүү кыргыз маданияты, тарыхы жалпы эл үчүн маанилүү окуя. Ошондуктан бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтүшү керек",- деди Сариева. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан