Бишкекте Бакиевдердин 70, Алманбет Анапияевдин 25 гектар жери бар экени айтылды

Бишкекте Бакиевдерге тиешелүү 70 гектар жер бар. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда депутат Туратбек Мадылбеков башында турган депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Капар Батырканов билдирди. Жыйында Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын тургундарынын мыйзамсыз жер сатууга байланыштуу кайрылуусунун негизинде жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштери талкууланып, ага парламент депутаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышканын билдирди парламенттин басма сөз кызматы.  

Туратбек Мадылбеков иликтөө жүрүшүндө жер сатуу афёрасына катышы бар айрым жергиликтүү төбөлдөрдүн катуу каршылыгына, алардын жергиликтүү тургундарды комиссия мүчөлөрүнө каршы коюу аракетине карабастан, бир катар мыйзамсыз жосундардын изи табылганын айтты. Бирок коррупциялык топтордун башында турган кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоп, укуктук баа берүү чаралары кечеңдетилип жатканын баса белгиледи.

Жыйынга катышкандар “Новопавловка айылындагы Красная заря кооперативи аймактагы эң ири чарбалардын бири болгон. 1994-жылы жер реформасы жүргөндө, чарбанын жери үлүш катары бөлүнгөн. Жергиликтүү аткаминерлер 1240 гектар жерди көп көзүнөн көмүскө катып калганы аз келгенсип, үлүш жер алган адамдардын катарына өлгөн жана көчүп кеткен адамдарды да тизмеге киргизип, алардын үлүшүн жасалма документтер аркылуу өз адамдарына каттатып, катылган жерди өздөрү пайдаланып келишкен", - деп билдиришти.

Капар Батыркановдун айтымында, 2006-жылы Новопавловка айындагы катылган жердин дайыны табылганына карабастан, Жаныш менен Адыл Бакиевдер ал жерди өздөрү пайдалануу максатында ачылган ишти жаап, “Архар” кооперативин түзүп, 402 гектар жерди четинен бөлүп сата баштаган. Бул алдамчылыктын башында Жаныш Бакиевдин ишенген кишиси Бактыбек Таласбаев турган, азыр ага кылмыш иши козголуп, соттолууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлү ушу тапта Ак-Ордо конушунун аймагында Бакиевдерге тиешелүү 70 гектар жер бар экенин билдиргени айтылды. Андан сырткары Орок айылында Капаров деген жарандын бала-бакырасына катталган дагы 28 гектар жер бар. Жыйында чет өлкөдө качып жүргөн Алманбет Анапияев да пайдаланууга мыйзамдуу тыюу салынган аймактан 25 гектар жерди 300 миң сомго сатып алганы маалымдалды. Учурда Бакиевдерге жана алардын жакындарына тиешелүү калган жерлердин тагдыры такталууда.

Андан сырткары депутаттык комиссия тарабынан мурда иштеп кеткенине же азыр иштеп жатканына карабастан, жер маселелерине байланыштуу мыйзамдардын сакталышы жаатында жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо, жер сатуу афёрасына катышы бар бардык аткаминерлердин мыйзамсыз аракетине жана аракетсиздигине укуктук баа берүү маселелерин көтөрүү чечими кабыл алынды. Ошону менен бирге бул жаатында жергиликтүү укук коргоо органдары солгун иштеп жатканы белгиленип, ишти тезинен жандандыруу тапшырмасы берилди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 2014-жылдын 11-июнундагы токтомуна ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылынын тургундарынын жер маселелерине байланышкан кайрылууларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан