Мелис Турганбаевдин ички иштер министри кызматына 1-октябрда дайындалышы күтүлөт

Жогорку Кеңештин Координациялык комитети Мелис Турганбаевдин ички иштер министри кызматына талапкерлигин кароосун 1-октябрга белгиледи. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-октябрда депутаттар мындан тышкары "Эмгекти коргоо жөнүндө", "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" жана Салык кодексинин мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкууларды жүргүзөт.
Айта кетсек, ушул жылдын 16-сентябрында Ички иштер министрлигинин мурунку башчысы Абдулда Суранчиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны президент канааттандырган. Аталган министрликтин башчысынын милдетин аткаруучу кызматына Мелис Турганбаев дайындалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан