“Студент кызды зордуктап, андан соң муунтуп өлтүргөн” деп шектелип 22 жаштагы жаран кармалды

“Студент кызды зордуктап, андан соң муунтуп өлтүргөн” деп шектелип 22 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-сентябрда билдирди.

Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, 19-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн азиат улутундагы кыздын жансыз денеси табылган. Сөөктү кароо учурунда кыздын зордукталып, анан муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Ошол күнү кыздын өздүгү такталып, ал 1995-жылы туулган Жумгал районунун тургуну экени маалым болгон. Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде 1-курста окучу. 

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө окуя болгон күнү 19 жаштагы кыз бир канча күн мурун таанышкан 1992-жылы туулган Болот аттуу бала менен жүргөнү аныкталган. Бирок кылмышка шектүү из жашырып качып кеткен. Бир катар ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү Тажикстандын аймагынан кармалган. Ал Ооганстанга өтүп кетүүгө аракет кылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
edu.kg
2014-09-27 10:59:48
Ушуга окшогон ангилер абдан кобойдуго... Жаш кызды зордуктаганы аз келгенсип олтуруп салганын айбан ...
+11
arinum
2014-09-27 11:11:42
Аларды дароо олумго тартса азаймак.
+10
AiNuR_777
2014-09-27 13:48:25
Эх мынча зордук зоомбулук кобоюп кетти. Чара коруп жатышабыкен чондор. Барган сайын кобоюп баратат манкурттар. Качан жакшы жанылык угабыз...
+3
windows.kg
2014-09-27 15:50:18
AiNuR_777,
Биро катуурак пышкырып койсо да чондор кунолуу боло берет экенда адамдардан пеийл кетти чондор ага эч кандай чара коро албайт. Озубузду озубуз ондой албасак чондорлун аны менен не иши бар.
+4
Nariste...12
2014-09-27 13:57:10
Ар качан жанылык окуган сайын, зордуктоо, олтуруу бизде аябай эле куч алган. Качан? Качан бизде кучтуу мыйзамдар иштейт экен? Чондор аракет кылгылачы, мыйзамдарды кучуно киргизип, катуу жазаларды берсенер буга окшогон, кылмыштар азаймак.
0
Frunze1
2014-09-27 14:09:59
Туура айтышыптыр, азыр баары тескери, куч колдонуп зордуктап, кыздын намысы менен ойдоп кордогон ангилер акчанын, тааныштын жардамы менен жазасыз калып кутуруп журушот.

Ал эми менттер менен чогуу иш кылган бузулган кыздардын тузагына илинген катардагы женил ойлуу жарандар зордуктаган делип (кыз озу жатып берсе да) камалып кетип жатат... Качан гана объективдуу изилдоолор болуп чыныгы кылмышкерлер качырылбастан жазасын алып камалса бул окуялар азаймак.
+4
Frunze1
2014-09-27 14:11:28
Кылмышкерлер баары тегиз оз жазасын алуусу, жазалар кучотулуу, керек болсо ангилерди бычууга баруубуз керек, бул кийинкилерге сабак болот... Болбосо Акыркы жарым жылда ангилерсиз жанылык кетпей калды, жумасына эч болбосо 1-2 зордуктоо угасын.....
+3
beast
2014-09-27 15:08:31
детка ето бишкек
-2
jaaaaanymka93
2014-09-27 15:25:29
Ёёёёёёёёё кыздар спорт залга барышыбыз керек....кыз зордуктаган балдардыкын тубунон кесип салыш керек жанагы кино барго я плюну на вашу магилу деген беле эсимден чыгып калды
-2
Ganibal87
2014-09-27 16:57:16
jaaaaanymka93, кыйратыпсын молодец кучтуу болгула кыздар женил ой болбой окууганы келдинби окуу сабагында кочого балдарга чыкпай ыймандуу болсон ыймандуу бала озу табат сени жигит тандап убара болбой еле кой карындаштар демекмин.
+2
Frunze1
2014-09-27 22:23:21
Ganibal87, туура айтыпсын, кочодо коп жургон кыздар озу тилеп алат кобунчо мага десе таэквандо, бокс боюнча чемпион болсун.... Ыймандуу кыздан шайтан айланып отот...
+3
Aviator
2014-09-27 16:53:46
ушунчалык эле олуп баратсан сойкуларга барбайсынбы. ал кызда эмне куноо олтургудой.
+1
Sezimka....95
2014-09-27 18:17:14
E4kim shariyat m.n jashabait,0w0nduktan ters k0runuwt0r k0b0idu
-1
Frunze1
2014-09-27 22:21:35
Sezimka....95, Шарият болгондо эле токтоп калбайт, адалсынган молдонун уйунон алты камандын башы чыгыптыр дегендей бузулган молдолор да бар, аларды коргон катардагы жарандар кандай улгу алат... Шарият жакшы нерсе бирок мыйзамдын болгону да жакшы бардык жакшы жаманга жоопту шарияттан издей бербей... Эч ким корбогон жашоону кыялданбай реалдуу болгула, Курандагы жашоо Аравияда да жок 14 кылым отсо да... Ал учун сакал коюп хиджап кийуу аздык кылат, ан-сезиминер озгорсун оссун...
+4
temirov76
2014-09-27 21:43:27
Ganibal87 Sezimka...95 экоондун да оюнарга кошулам,эн туура пикир.
-1
aibek123
2014-09-27 22:37:04
молдо ОЗУ менее ислам менее жашасак жаман Иштер азайат бала да куполу кыз да эмне кылып журо окуганы келгенден кийин окуш керек да же уйунон суйроп чыгып олтуруптурбу
+2
Zarema94
2014-09-28 00:07:18
Айылдан жаны келген кыздарды жакшылап козом0лд0ш керек.
+3
elish87
2014-09-29 00:09:49
бул шум кабарларды биз гана билип жатавыз эгер кундо ммклардан чыгарсын анан гана чиновниктер козголот алардын интернетке кирип окушка убакыттары жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан