Алмазбек Атамбаев Стамбулда Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын жыйналышына катышат

Президент Алмазбек Атамбаев Стамбулда Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын жыйналышына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, 28-29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Стамбул шаарында “Региондук өнүгүү үчүн ресурстарды ачуу” маселеси боюнча Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын жыйналышына катышат.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын жетекчилери менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан