Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Бишкек мэриясынын жетекчилери жана шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте жыйын өткөрүүдө. Жыйында Бишкек шаардык мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкекте катуу таштанды калдыктарын башкаруу системин жакшыртуу” долбоору боюнча Борбордук Азия үчүн Европа союзунун Инвестициялык фондунун гранты жөнүндө маселеси талкууланууда.
Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев мыйзам долбоорунун депутаттардын кароосуна киргенине 6 ай болгондугун айтып, шаар мэри Кубанычбек Кулматовду сынга алды. “Биз макулдашууну карап беришибиз керек. Бирок макулдашуу 6 ай убакыттан бери каралбай жатат. Бөлүм башчыңарды жиберип коёсуңар же дагы бирөөсүн жибересиңер. Ошон үчүн мындан ары бул сыяктуу келишимдерди сиздер менен биргеликте карайбыз”,- деди депутат.