Бишкек мэриясы таштанды таштаган жаңы аянт куруу үчүн 3 миллион евро бөлгөнү жатат

Бишкек мэриясы таштанды таштоо үчүн жаңы аянт курууга 3 миллион евро бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу мэр Кубанычбек Кулматов парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, эски аянтты колдонуу мүмкүн болбой калды. “Эчак эле ал жерди рекультивация кылышыбыз керек болчу. Жакын арада азыркы жеринен алыс эмес аймакка 70 гектар жерге аянт бөлүү пландалууда. Ал жерге атайын фабрика куруп, кагаз, желим буюмдарды иргеп алууну пландап жатабыз”, - деди Кулматов.

Жыйында Бишкек шаардык мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкекте катуу таштанды калдыктарын башкаруу системин жакшыртуу” долбоору боюнча Борбордук Азия үчүн Европа союзунун Инвестициялык фондунун гранты жөнүндө маселе талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан