Депутаттар Кыргызстанга автоунаа алып кирүүдөгү бажы алымдарын жогорулатуу чечимин жокко чыгарууну сунушташты

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Курманбек Дыйканбаев экономика министри Темир Сариевгеөкмөт Бажы биримдигине кирүүгө даяр болсо, эл даяр эмес” деп билдирди. Анын айтымында, эл өкмөттүн унаа салыктарынын төлөмдөрү боюнча чечимин жокко чыгарууну суранууда. Сиздер байкап жатасыздарбы, “2015-жылдын 1-январынан тартып унаанын баасы 4-5 миң долларга кымбаттайт экен” деп эл ажиотаж болуп, малдарын сатып балдарына машина алып берип жатышат. Ошон үчүн көпчүлүк эл өкмөттүн бажы төлөмдөрү боюнча акыркы чечимин жокко чыгарууну суранышууда. Сиздер биримдикке кирүүгө даярданып жатасыздар, бирок эл даяр эмес. Бир нерсе болордо өкмөт алдын ала айтыш керек. Жай келгенде “Сариев акча тап” десе эле сиздер төлөмдөрдү көтөрүп кирдиңиздер”,- деди Дыйканбаев.

Жооп иретинде Сариев: “Кызуу кандуулукка алдырбайлы. Түшкөн акча биздин чөнтөккө эмес, бюджетке түшөт. Бюджетти түшүнгөн комитет мүчөлөрү сиздер ушинтип жатсаңыздар, башкалары кантет?”- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан