Вице-спикер Асия Сасыкбаева башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы 29-сентябрдан 3-октябрга чейин Страсбург шаарында Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын күзгү сессия иштерине катышат. Жогорку Кеңештин делегациясынын күзгү сессия иштерине катышуусу ЕКПА тарабынан берилген “демократия боюнча өнөктөш” макамынын алкагында болууда. Аталган иш сапардын жүрүшүндө ЕКПА менен Европа кеңешинин жогорку даражадагы кызматкерлери менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтө турганын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.