Бүгүн, 29-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын жыйынына катышуусунун алкагында Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда кызматташуунун түрдүү маселелери талкууланды. Алмазбек Атамбаев менен Георгий Маргвелашвили эки тараптуу кызматташууда ишке ашырылбай жаткан зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтолуп, түрдүү тармактарда кыргыз-грузин өз ара аракеттешүүсүн мындан ары арттыруунун маанисин белгилешти.