Бүгүн, 29-сентябрда вице-премьер-министр Эльвира Сариева Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар илимди колдоо үчүн мамлекеттик ресурстарды бөлүштүрүү натыйжасыз болуп жатканын, кыргыз илимин өнүктүрүүнү талкуулашты. Сариева академиялык чөйрөнү аталган академияны реформалоо боюнча баарлашууга жана кеңири кызматташууга чакырды.
“Илимди реформалоо – аны өнүктүрүү жана илимий чөйрө үчүн шарттарды түзүү. Улуттук илимдер академиясын реформалоо боюнча талаптар жана критерийлер илимий коомчулук тарабынан иштелип чыгат. Ошондуктан биз илимди реформалоо иши натыйжалуу болуусу жана жаңы дүйнөлүк технологиялык түзүлүш алкагында ал өзүнүн тийиштүү орун алуусу үчүн кызыкдар маморгандар жана илим ишмерлери аралык пикир алмашуу үчүн аянтчаны түзүүбүз зарыл",- деп билдирди вице-премьер-министр.
Жыйын соңунда өкмөт тараптан жумушчу топ түзүлөрү, ал топ Улуттук илимдер академиясын реформалоо механизмдерин жана мөөнөтүн аныктоого катышары айтылды.