Бусурманкул Табалдиев: "Сирияда согушчандарга күнүнө 1000 доллардан төлөнөт"

Сирияда жүргөн согушчандарга күнүнө 1000 доллардан төлөнөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында айтты. Жыйындын жүрүшүндө депутат Ирина Карамушкина Кыргызстандын түштүгүндө айрым жарандар Сирияга башка кызыкчылыктар үчүн күрөшүүгө кетип жатканын айтып, "Эмне үчүн жарандар биздин Куралдуу күчтөргө ошондой каалоо менен келбей жатышат?" деп суроо берди. Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев аскерге кызмат кылгандардын аз болуусуна бир канча факторлор таасир этерин, келишимдик негизде аскерде кызмат өтөп жаткандар учурда 10-12 миң сом гана айлык аларын кошумчалады. 

"Сирияда согушчандар канча акча алышат?" деген суроого Бусурманкул Табалдиев: "Сириядагы согушчандар күнүнө 1000 доллар же андан ашык каражат алышат",- деп жооп берди.

Айта кетсек, буга чейин кыргызстандык айрым жарандар Түркияга кетип, андан ары Сирияга өтүп кетип жатканы айтылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан